Башкы беткеКоомМаанилүү маектин маңызы: Кумтөрдү элге ким кайтарган?

Маанилүү маектин маңызы: Кумтөрдү элге ким кайтарган?

            Президент Садыр Жапаровдун эркин журналист  Али Токтакунов менен болгон маегин көрүп чыктым. Ыңгайсыз, күтүүсүз суроолорго мамлекет башчысы түз, ачык жооп бериптир. Суроо “чү” дегенде эле Теңиз Бөлтүрүктүн башталган.  Анын да жөнү бар. Акыркы мезгилде Теңиз Бөлтүрүк интернет желесинде “Кумтөрдү мен кайтарып алгамын” деп кайра-кайра пост жазып жатат. “Кумтөрдүн” тарыхы менен мурда-кийин таанышытыгы жок адам Теңиз Бөлтүрүктүн айтканына ишенип алышы мүмкүн.

Бирок,  коомчулук  “Кумтөрдүн” баянын эң жакшы билет. Аны Президент өзү да ийни-жибине чейин кеңири айтып берген. Президент “Кумтөргө” тээ 2005-жылга чейин эле барып көрүп жүргөнүн, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келери менен “Кумтөрдү” Кыргызстанга кайтарып алуу тууралуу иш-аракетин баштаганын айткан. Ал жол оңой болгон эмес. 2011-жылы парламентте “Кумтөр” боюнча комиссия түзүлүп, анын төрагалагына С. Жапаров дайындалат. Ал төрт айдын ичинде “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн толук иликтеп бүтүп, аны кайтаруу боюнча тиешелүү документтерди парламенттин жыйынына тапшырат. Президент “Кумтөрдү” улутташтырып, Кыргызстанга кайтарыш керек деген маселени кабыргасынан коет. Анын бул сунушун парламенттеги көпчүлүк депутаттар колдоого алышып, жарыш сөзгө жарыша чыгышат.” Алардын сөзүн уксаң, тим эле ыйлайсың” деп Президент ал учурду таамай сүрөттөйт. Бирок, ошол кездеги бийлик төбөлдөрү президент, өкмөт  “Центеррага” небак эле кызыл кекиртегинен байланып калган эле. Алар депутат Жапаровдун бул сунушун кандай болсо да, керек болсо депутаттарга акча таратып берсе да өткөрбөй коюунун планын иштеп чыгат. Праламентте 3 күн кызуу талкуулап, баары колдойбуз деп жаткан депукелер төртүнчү күнү добуш берүүгө келгенде теңирден тескери кетип, каршы добуш беришет. Жапаровду “Ата-журт” фракциясынан 34 депутат колдоп, бирок добуш жетпей, сунуш өтпөй калат. Ошентип, узак жылдарга “Кумтөрдүн” көзү оюлат. Бирок, Садыр Жапаров күрөшүн токтотпойт.

3-октябрда митинг уюштурат. Ал митингке 55 миңге жакын адам келет. Праламенттен өтпөй калган документтерди митингке келген элдерге таратып беришет. Бирок, ошол митингде ойго келбеген иш болуп кетет. Эмоцияга ашкере берилген Камчыбек Ташиев Ак Үйдүн темир тосмосун аттап кирет. Буларды эмне кылардын айласын таппай турган бийликтин чырагына май тамат. Алардын көктөн издегени Ак Үйдүн жетинчи кабатынан эмес, короосунан, темир тосмосунан табылат. Анан үчөө соттолуп кетет. Тогуз ай олтургандан кийин сот аларды бир жарым жылга соттоп жиберет. Бир жарым жылдан кийин шаардык сот үчөөнү сот залынан эле актап жиберет. Саясий кысымга байланыштуу Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетет. Ал чет жакта жүргөндө, 2013-жылы Ысык-Көлдө, Жети-өгүздө 2013-жылы элдер нааразылык акциясына чыгышып, “Кумтөрдү кайтарып алуу талабын коюшат. Эл Каптагаевди унаага салып, бул талапты президентке айт деп талап кылат. Укук коргоо органдары аны “барымтага алуу” деп эсептейт. Бул окуядан дээрлик төрт жыл өткөндөн кийин 2017-жылы Садыр Жапаровду “Көлдөгү митингди уюштурган, Каптагаевди барымтага алган” деген жалган жалаа менен кармап, 11 жылга соттоп жиберет. Эң кызыгы “барымтага алынды” деген Каптагаев өзү сотко келип “Садыр Жапаров мени барымтага алган эмес, алар такыр башка адамдар деп алардын аты-жөнүн ачык айтканына карабастан Жапаровду соттошот. Ошентип, Жапаровдун Кумтөрдү кайтарып алам деген жолу бирде түрмө, бирде эркиндик болуп жүрүп олтурат. Ал үч жарым жыл түрмөдө олтурганда, кайрадан кудай жалгап төңкөрүш болуп, толкуган эл Жапаровду түрмөдөн сууруп чыгып премьер-министр, 10 күндөн кийин Президенттин милдетин аткаруучу кылып шайлашат.

Мына, окурман, өзүңүз калыс болуңуз. Кумтөр үчүн ким башын сайып, түрмөсүнө да, азабына да кайыл болуп, кара жанын карч уруп күрөшкөнүнө. “Кумтөрдү мен кайтардым” деген Теңиз Бөлтүрүк ал кезде “көзү ачыла элек бөлтүрүк” болчу, балким, туула электир, ким билсин.  Ал кийин, кийин бышкан аштын үстүнө келди. Ал кезде Садыр Жапаров Президент болуп, Бөлтүрүктү өзү издетип, чакыртып алган. Ал адегенде Канадада иштеп, кийин Кумтөр кайтарылып алынганда тышкы башкаруучу болуп келет. Ырас, айрым документтерди сотко даярдоодо жардам берсе бергендир, бирок ал анын түздөн-түз милдети эмес беле.  Тилекке каршы Теңиз  Бөлтүрүк беш манжасын эмес, колун чыканагына чейин тыгып жиберет. Кумтөрдү каалагандай калчап, демөөрчүлүк, кайрымдуулук деген шылтоо  менен акчаны оңду-солду чача баштайт. Жогорку айлык, кымбат баалуу эмеректер, кымбат баалуу машиналар, дээрлик 1 миллион долларга арендага алынган  офистер…Май талкан. Май көчүк. (алты миң  долларлык кресло). Күйүүчү майды да кымбат баада көрсөтүп, акча жей баштайт. Көзүн май баскан Бөлтүрүктү Президент чакырып, “мамлекеттин ар бир тыйыны, ар бир сому үчүн жооп берүүгө туура келерин” айтып, аны калыс, таза иштөөгө үндөйт. Тилекке каршы, Бөлтүрүк андан оң жыйынтык чыгарган эмес. Ал азыр да чет өлкөдө жатып алып, ар кайсы нерсенин башын айтып, элдин көзүн будамайлап, “Кумтөрдү мен кайтарып алгамын” деп төш кагып, пост жазуу менен алек.

Кумтөрдөн түшкөн 5 миллиард 100 миллион доллар каякта?

Али Токтоакунов Президентке элдин оозунда  жүргөн суроолорду берген. Андан ары сөз беш жылдын ичинде Кумтөрдөн түшкөн 5 миллиард 100 миллион доллар тууралуу болот. Эл бул акчанын да жөн-жайын билгиси келет. Алинин суроосу орундуу.

Президент бул суроо кандай түз берилсе, дал ошондой түз, ачык жооп берет. “Кумтөрдөн” жыл сайын 1 миллиард долларлык алтын казылып алынса, анын жарымына жакыны казып алуу чыгымына кетет экен. Жарымы таза киреше. Ага салынып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү, акыркы беш жылда салынган 500дөй мектеп, бала бакча, жол. Жол демекчи. Атам замандан бери оңдолуп, жаңылары салынып жатат. Акыркы беш жылда 6,5 миң чакырым жолго асфальт басылган. Баарынан да Кытай менен байланыштырган Бедел жолунун салынып жатканын айта кеткенибиз оң. Барскоон-Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында эки тоннель, 50дөн ашык көпүрө куруу каралган. Стратегиялык мааниге ээ болгон Барскоон-Бедел унаа жолунда  курулуш иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда.

Коррупциядан түшкөн 4 миллиардчы?

Андан ары Али Президентке “коррупциядан түшкөн 4 миллиард акча кайда жумшалды?”- деген  суроо узатат. Бул да орундуу, элди кызыктырган суроо. Президент чындыгында 4 миллиард акча түшпөгөнүн, анын баасы ашкере ашырылып жиберилгендигин, учурунда  Камчыбек Ташиевге эскертип айтканын билдирди.  Ырас, бул боюнча тактай турган жагдайлар бар. Алардын мыйзамдуулугу өзүнчө маселе.

Казынага тиймей жок. Казына – бул ыйык.

Акыркы мезгилде Кыргызстанды сыртта жатып алып сындаган “баатырлар” пайда болду. Алар өздөрүн  ашкере “боорукер”, “мекенчил” көрсөтүүгө аракет кылып, (айрымдары виза алыш үчүн, айрымдары шайлоо алдында упай топтоо үчүн) жан алекетке түшүүдө. Алардын бири Сыргак Кенжебаев. Ал Президенттин агасы Сабыр Жапаровдун резиденциянын жанында офиси бар экенин, бажыга байланышкан маселелердин баары ошол жерде чечилерин айтып чыкты. Президент буга да жооп берген. Чындыгында буга чейин Сыргак Кенжебаевдин ким экенин эл билчү деле эмес. Көрсө ал “оозу менен орок оруп, букадан сүт сааган” кокуй неме экен. Президент Сыргак Кенжебаев тууралуу айтып жатып, эч ким казынадан уурдабай тургандыгын, анткени казына-ыйык деп баса белгилеген.

Жер кодекси. Бир тал чырпык сайган эмес.

Президент андан ары мунай, кымбатчылык, электр энергиясы тууралуу суроолорго жооп берген. Элди чет элдиктерге 49 жылга ижарага берилип жаткан жер маселеси өзгөчө кызыктырууда. Бул айрыкча жармач патриоттордун чырагына май тамызды. “Президент жердин баарын чет элдиктерге сатып жатат, ал турсун Ысык-Көлдү да сатып ийди окшойт” деп чыгышты. Чындыгында жерди ижарага берүү тууралуу мыйзам  бүгүн эле кабыл алына калган жок. Ал тээ Акаевдин заманында, 1992-жылы кабыл алынган. Болгону бул мыйзам кагаз жүзүндө калып иштебей келген. Айрым шылуундар жерди 49 жылга ижарага алып, аны экинчи бирөөгө сатып, экинчиси үчүнчүгө сатып, бул тармак өзүнчө эле базарга айланып кеткен. Абадан акча жасаган шумдуктар чыккан. Жерди ижарага алып, бирок узак жылдар бою аны иштетпей, тек гана кожоюн болгонуна корстон болуп жүргөндөр канча. Мындан ары андай болбойт.  Президент бул тармакты да иретке келтирип, мыйзамды иштетүүгө бел байлады. Ижарага алган адам кыргыз болобу, кытай болобу, немис болобу, ким болсо ошо болсун, бирок ал жерди иштетсин. Иштетпесе мамлекетке кайтарып берсин. Бул, албетте, мыйзамдуу, акыл-парасаттуу талап. Учурунда Ат-Башы районуна логистикалык борбор курмакчы болгондо ошол кездеги айрым бир активисттердин элди козуткан чакырыгына алданып, курулбай калган. Элге кошулуп мен да каршы чыккамын. “Жерибизди кытай алып алат” деген түшүнүк болгон. Анын туура эместигин мезгил бүгүн далилдеп олтурат. Ошол жер дагы деле бош жатат. Мындан кийин да бош жата берет. Андан кимге пайда?

Чет элдиктер жерди 49 жылга ижарага гана алышат. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар, же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү бир мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат.

Мындан ары жерди ижарага алып коюп, ондогон жылдар бою эч нерсе курбай,  салбай, жөн гана кармап турууга чек коюлат. Ар бир инвестициялык долбоор боюнча так график жана милдеттенмелер белгиленет. Инвестициялык келишимде белгилүү мөөнөттө, мисалы алгачкы он жылда, андан кийинки 25 жылда канча каражат сарпталышы керек, курулуш качан  башталып, качан пайдаланууга берилери, канча жумуш орду түзүлөрү, инвестициянын көлөмү жана мамлекетке түшө турган салыктар так көрсөтүлөт. Ал талаптардын аткарылышын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары көзөмөлдөп турат. Инвестор жерди кайсы максат менен алса, дал ошол долбоорду ишке ашырыш керек. Бала бакча салам деп алып, ал жерге базар куруп алганга болбойт. Логистикалык борбор үчүн алынса, логистикалык борбор курулат. Мурункудай долбоордун багытын өз алдынча өзгөртүүгө, же жерди сатып жиберүүгө жол берилбейт.

Кытайдан 100 жыл, кошуналардан 20 жыл артта калдык

Кытай темасы, кытай карызы  ар дайым саясий оппоненттердин көзүр картасы болуп келгени ырас. Алгачкы жылдары “кытайдын карызы эбегейсиз көп болуп кетиптир, эгер төлөй албасак жерлерибизди алып коет, кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, бүтүндүгүнө  доо кетет” деген сөздөр айтылып жүрдү. Президент мындай ушак сөздөргө бир эмес, бир нече жолу жооп берип, баары көзөмөлдө экендигин, Кыргызстан графикке ылайык Кытайдын карызын эле эмес,  тышкы карыздардын баарын  өз убагында төлөп келе жаткандыгын  цифралар менен кашкайта далилдеп айтып келди. Акыркы кезде эми “кытай жарандары көп болуп кетти. Каякка барсаң эле кытайлар жүрөт” деген сөздөр чыга баштады.

Президент Садыр Жапаров “кытай маселесин тышкы күчтөр жана ичи чаралар күчөтүп жаткандыгын”  эркин журналист Али Токтакуновго берген маегинде  баса белгиледи.  Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкана салынары тууралуу жомокту отуз жылдан ашуун мезгилден бери эле угуп келе жатам. Ага атайын гранттар дагы алынып, “мына, мына салынып, ишке кирет экен” деген сөздөр Бишкектин асманын далай ирет айланып учту. Бирок, жыйынтыгында эч нерсе курулбады. “Уй да жок, уй байлаган жип да жок” дегендей баары ың-жыңсыз жок болду. Ошол отуз жылдан бери айтылып келе жаткан таштандыны кайра иштетүүчү ишкана эми чындап курулуп, пайдаланууга берилди. Анын курулушунда 550 кытай жараны иштеп, ишкана салынып бүткөндөн кийин ал кытайлардын баары мекенине кайтып кетти.

Отуз жылда бир метр темир жол салынган эмес

Ырас эле жол демекчи, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон отуз беш жылдын ичинде бир чакырым турсун бир метр да темир жол салынган эмес. Журналисттик ишиме байланыштуу мындан он жылдай илгери Кыргыз темир жол ишканасынын жетекчисинен интервью алып калдым. Сөз арада “Аздыр-көптүр унаа жолу салынып жатат, бирок биз илгерки эле союз салып берген темир жол менен жүрөбүз. Эмне үчүн темир жол сала албайбыз? “деп суроону кабыргасынан койдум. Темир жол ишканасынын жетекчиси саамга ойлоно түштү да: “байке, темир жол салганга биздин күчүбүз да, каражатабыз жа жетпейт. Биринчиден, ал өтө эле кымбат. Экинчиден, жол сала турган биздин инженердик кадрларыбыз да жок” деп болгон чындыкты айтты. Ошол мүмкүн эмес деген догманы Садыр Жапаров жокко чыгарды. 25-июлда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенине бүткүл коомчулук күбө болду. Президент Садыр Жапаров поезддин рулуна өзү олтуруп, жолдун сапатын текшерип көрдү. Президент “бул күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхында  жаңы доор  болуп калат” деди сыймыктануу менен. Кыргызстан биринчи жолу өз күчү, каражаты менен 63 чакырымга созулган темир жолду салды. Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушуна 2022-жылы март айында старт берилген. Адегенде бул жолдун курулушуна күмөн саноо менен карап, эч ким ишенген эмес. Бирок, “жолду баскан арбытат” деп бабаларыбыз айткандай төрт жылдын ичинде жолдун курулушу соңуна чыгып, бүткүл элибизди кубанычка бөлөдү. Балыкчы-Кочкор темир жолу Балыкчы-Кочкор-Макмал темир жол курулушунун биринчи этабы болуп калмакчы. Бул жол ушуну менен эле чектелип калбайт.

Теңир-Тоого жеткен темир жол

Бул жол  келечекте Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун бир бөлүгү болуп калат.  Үч өлкөнүн ортосунда темир жолду курууну биргелешип илгерилетүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга 2024-жылдын 6-июнунда Пекин  шаарында кол коюлган.[2] 2024-жылдын 27-декабрында Жалал-Абад облусунда долбоорду ишке ашыруунун расмий башталыш аземи өткөрүлүп, 2025-жылдын 29-апрелинде Фергана тоосу, Нарын №1 жана Кош-Дөбө туннелдеринде негизги курулуш иштери башталган. Темир жол Кытайдын Синьзянь-Уйгур автономдуу районундагы Кашкар шаарынан башталып Торугарт  аркылуу Кыргызстанга келип, Арпа, Кош-Дөбө, Макмал жана Жалал-Абад олблусу аркылуу өзбекстандын Анжиян шаарына жетет. Кыргызстанды жабык, туюк өлкө деген аталыштан дүйнөгө, деңизге алып чыккан  жол болот. Кыргызстан континенттерди бириктирген стратегиялык транспорттук хабга айланат. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркияны Европа темир жол тармагы менен туташтыра турган ири долбоор болуп саналат. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 4,7 миллиард доллар жана курулуш мөөнөтү 6 жыл деп пландалган, бирок акыркы маалыматтар боюнча аны 4 жылга чейин кыскартуу каралууда. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп калмакчы.

Жогорулатылган айлык акы, жөлөк пулдар

Андан сырткары айлык акы, жөлөк пулдар жогорулап жатат. Президент Садыр Жапаров быйылкы жылдын 27-мартында “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгекке акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча  чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык 2026-жылдын 1-апрелинен тарта  билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо кызматкерлеринин айлыктары жогорулатылды. Ал эми ушул жылдын 1-сентябрынан баштап  мамлекеттик органдардын жана ЖөБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдарынын айрым кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштин татаалдыгы жана сапаты, кесиптик демилгеси жана нормалаштырылбаган жумуш күнү үчүн үстөк пулду 50 пайызга чейин көбөйтүү каралган. Мамлекеттик органдардын ведомствого караштуу жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация белгиленет.

Журналисттик байкоолор

Садыр Жапаров Президент болгон  алты жылда кандай өзгөрүүлөр болду? Менимче, саясатта, экономикада, өндүрүштө, айыл чарбасында, билим берүүдө, маданиятта, бардык тармакта мурда кийин болуп көрбөгөн алгылыктуу иштер жасалып жатат. Мен өзүм байкаган, күндө күбө болуп жүргөн мисалдардын негизинде эле айтайынчы. Мындан алты жыл мурда  эрте менен жумушка барарда кичи автобуска (маршруткага) түшүп, тыгындан улам асынган сумкемди, өзүмдү-өзүм элден талашып жатып, өлдү-талды дегенде жумушка  жетер элем. Ошол кезде маршруткаларга кантип батып жүрдүк экен деп  таң калам. Азырчы? Ичи кенен, жарык, орундуктары заманбап жаңы автобустар менен ишке барам.

Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексин куруунун экинчи этабынын алкагында шаар тургундарына  ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. Кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. “Мурас” турак жай комплекси 39 блоктон турат, анын 19у аяктады. Бул ирет 1080 батирдин ачкычы тапшырылды. Буга чейин 986 батир берилген. Учурда дагы 2688 батирдин курулушу жигердүү жүрүп жатат, алар белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Ошондой эле балдар бакчасы, мектеп, паркинг жана башка социалдык объектилер жайгашат.

Мындан 10 жыл мурда 10 миллион сом менен ачылган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы учурда  87 млрд сомго жетип олтурат. Келечекте 200 млрд сомго чыкмакчы. МИК түзүлгөндөн тарта жалпы 14 945 үй-бүлө үйлүү болду. Азыркы учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. МИКтин программасы боюнча облустук, райондук борборлордо, кала берсе алыскы айылдарда да көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Шаарга келген ар бир кыргыз баласынын тилеги –үйлүү болуу. Ошол аруу тилек, кыял ишке ашып жатат. Баарынан да шаардагы гүлбакчалардын, парктардын жаңырып жатканы таң калтырат. Садыр Жапаровго чейин бир дагы Президенттин тушунда парктардын оңдолуп, көрктөлгөнүн көргөн эмесмин. Же көргөндөр барбы?

Саналуу күндөрдөн кийин Бишкектеги 51 адам сыя турган Бишкек-Арена стадиону курулуп бүтүп, салтанаттуу түрдө ачылганы турат. Орто Азияда теңдеши жок бул стадион болгону 2 жылда салынып бүттү. өлкөбүздөгү мындай өзгөрүү, өнүп-өсүү, жаңылануу кут болсун!

 

                                                                                                                  Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ, журналист

 

 

 

 

 

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар