Быйылкы окуу жылынан тарта 8-класстын окуучулары үчүн “Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика” профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Программа окуучуларды келечектеги кесибин жана билим алуу багытын тандоого даярдоого багытталган. Ал өзүнчө предмет катары эмес, атайын программа түрүндө окутулуп, 9-класста да улантылат.
Анын алкагында окуучулардын өзүн-өзү таануусуна, кызыгууларын жана жөндөмдөрүн аныктоосуна, ошондой эле келечектеги кесиптик багытын тандоосуна көмөк көрсөтүлөт.
Программа жалпысынан 68 саатка эсептелип, тарых, коом, укук жана экономика багыттарын камтыйт.
Программа төрт негизги модулдан турат:
өзүн-өзү таануу;
тарых, коом жана лидерлик;
укук, экономика жана экология;
келечектеги кесип жана профилдик багыт алуу.
Окуу процессинде окуучулар жарандык жоопкерчилик, укуктук жана финансылык сабаттуулук, өзүн-өзү аныктоо боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Ошондой эле программа долбоордук жана практикалык иштерге, дебаттарга, кейстерге, экскурсияларга жана санариптик технологияларды колдонууга негизделет. Мында мугалим маалымат берүүчү гана эмес, окуучунун өнүгүүсүн коштогон ментор жана кеңешчи катары иш алып барат.



