Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө 303 чет өлкөлүк миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталды

Ысык-Көлдө 303 чет өлкөлүк миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталды

Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандарды аныктоо боюнча «Нелегал-2026» аттуу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 13-21-август аралыгында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар иштеген 31 объект текшерилип, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген 1015 жаран көзөмөлдөн өттү. Анын жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузган 303 чет өлкөлүк жаран аныкталган. Аларга жалпы 2 млн 701 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, 8 чет өлкөлүк жаранды Кыргызстандан депортациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

УКМК Кыргызстандын аймагына кирүү жана каттоодон өтүү эрежелерин бузган, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштеген чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти.

Мындай адамдарга Кыргызстандын аймагына кайра кирүүгө тыюу салуу чарасы да колдонулушу мүмкүн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар