Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн кабарчысына берген маегинде күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасынын өсүшүнө байланыштуу кырдаалды түшүндүрдү.
Анын айтымында, дизель майынын кымбатташы дүйнөлүк рыноктогу жалпы тенденциялар менен байланыштуу. Ошол эле учурда Министрлер кабинети учурдагы бааларды адилетсиз деп эсептеп, кийинчерээк мурдагы деңгээлге кайтуусун күтүп жатат.
«Министрлер кабинети баа турукташканга чейин азыркы этапта субсидия берүүнү чечти», — деди Данияр Амангелдиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары бул чечим бюджетке жана салык төлөөчүлөргө олуттуу жүк болорун белгиледи. Бирок калктын реалдуу кирешелерин сактап калуу аткаруу бийлигинин негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Амангелдиев жакын арада бааларды кармап турууга багытталган Министрлер кабинетинин үч жылдык иш-аракеттер планы кабыл алынарын билдирди.
«Жакын арада Министрлер кабинетинин 2025–2027-жылдарга бааларды кармап туруу боюнча иш-аракеттер планы кабыл алынат. Анын алкагында болжол менен 38,8 млрд сом багыттоо каралууда», — деп түшүндүрдү Амангелдиев.
Бөлүнгөн каражаттар кайра иштетүүчүлөрдү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана малчыларды колдоого жумшалат. Пландын негизги максаттарынын бири — рынокко кеминде 20 миң баш асыл тукум мал чыгарууну камсыз кылуу.
Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Министрлер кабинети дыйкандарды колдоону жана Президенттин тапшырмасы менен логистикалык комплекстерди курууну пландап жатат.
Бул чаралар ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн түшүмүн сактоого, рынокту азык-түлүк менен өз убагында камсыз кылууга жана өлкөнүн азык-түлүккө болгон ички керектөөсүн кеминде 70 пайызга ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыздоого багытталган.



