Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨкмөт күйүүчү май көйгөйүн кайрадан талкуулады

Өкмөт күйүүчү май көйгөйүн кайрадан талкуулады

Бүгүн, 26-августта Бишкекте Президенттин Администрация өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууга байланышкан кезектеги жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана орун басары Эрлист Акунбеков баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын, ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле мунай ташыган компаниялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында мунай заттары рыногундагы актуалдуу маселелер жана тармакты өнүктүрүүнүн алдыдагы пландары талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө негизинен өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, калкка күйүүчү-майлоочу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирүү жана бааларды турукташтыруу боюнча чаралар каралды. Ошондой эле ата мекендик экономикалык субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинети тарабынан аткарылып жаткан иштердин аткарылышы талкууланды. Жыйынтыгында катышуучуларга өз тармактары боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар