Башкы беткеПрезидентМонголиянын президенти VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат

Монголиянын президенти VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта, Монголиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тэгшжаргал Дэмчигдин ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы Ухнаагийн Хурэлсухту алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана “ШКУ+” саммиттерине, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанда күтүп жатканын белгиледи.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар