Башкы беткеМаданият“Рух Ордодо” “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт

“Рух Ордодо” “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт

2–5-сентябрь күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынан билдиришти.

Төрт күнгө созула турган фестивалда салттуу музыка, манасчылык жана дастанчылык өнөр, айтыш, элдик кол өнөрчүлүк жана ар түрдүү элдердин улуттук маданиятынын үлгүлөрү тартууланат.

Программанын алкагында концерттер, чыгармачылык сынактар, мастер-класстар, улуттук кийимдердин көрсөтмөлөрү, салттуу оюндар жана музыкалык жолугушуулар уюштурулат. Ошондой эле подкасттар өтөт.

Фестивалдын жыйынтыктоочу иш-чарасы 5-сентябрда өтүп, анда салттуу музыка аткаруучуларынын Гала-концерти уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Гран-при тапшырылат. Иш-чара салтанаттуу жабылыш аземи менен аяктайт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар