Башкы беткеКоом"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуу талаптары өзгөрөт

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу талаптары өзгөрөт

Кыргызстанда аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо тартиби өзгөртүлдү.

Министрлер Кабинети кабыл алган токтом 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр жөлөкпул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ага ылайык, жөлөкпул дайындоодо эсепке алынуучу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, үй-бүлөнүн жөлөкпулга муктаждыгын аныктоодо бир катар жаңы критерийлер киргизилет. Анын ичинде 15 жылдан ашкан жеңил автоунаасы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү мүмкүнчүлүгү каралат. Буга чейин бул талап 20 жылды түзчү.

Ошондой эле эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул алуудан четтетилет. Мындай турак жайларды ижарага берүү мүмкүнчүлүгү кошумча киреше булагы катары каралат.

Мындан тышкары, айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери жаңыланат. Бул өзгөртүү административдик-аймактык реформаны, ошондой эле айыл чарба продукциясынын учурдагы бааларын жана өндүрүш чыгымдарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар