Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Жаныбай уулу Тилек баатыр атындагы Кашка жол орто мектебинин 8-классынын окуучусу Аманов Арсен Россияда өтүп жаткан «Смена» балдар лагериндеги «Арт-лагерь» программасына катышууда.
8-августтан 28-августка чейин өтүп жаткан лагерге Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн активдүү жана таланттуу окуучулары чогулду.
Иш-чаранын алкагында жаштар үчүн билим берүүчү сабактар, чыгармачылык жана маданий программалар, интеллектуалдык оюндар, ошондой эле спорттук мелдештер уюштурулууда.
КМШ өлкөлөрүнүн окуучулары арасында өткөн спорттук мелдештерде Аманов Арсен 800 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду, ал эми узундукка секирүүдө 2-орунду ээледи.
Жаш спортчунун бул ийгилиги анын спортко болгон кызыгуусунун, тынымсыз аракетинин жана эмгегинин жыйынтыгы болду.



