Башкы беткеКоомБишкекти видеого тартып, 200 миң сом утуп ал

Бишкекти видеого тартып, 200 миң сом утуп ал

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «Бишкекти дүйнөгө тааныт – 2026» аттуу шаардык видео жана туристтик фотокаталогдор сынагын жарыялады.

Сынакка арыздар жана иштер 27-августтан 27-октябрга чейин кабыл алынат.

Катышуучулар Бишкектин тарыхын, архитектурасын, маданий мурасын, улуттук ашканасын, сейил бактарын, спорттук жана жаштар жашоосун, ошондой эле жаратылыш аймактары менен тоо маршруттарын чагылдырган материалдарды даярдай алышат.

Сынакта сегиз номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Башкы байгелер:

«Бишкек тууралуу мыкты туристтик видеоролик» — 200 миң сом;

«Бишкекти эл аралык деңгээлде таанытууга арналган мыкты туристтик фотокаталог» — 100 миң сом;

беш тематикалык номинациянын ар бирине — 20 миң сом жана сертификат.

Мындан тышкары, «Көрүүчүлөр сыйлыгы» өзүнчө аныкталып, жеңүүчүгө сертификат жана эстелик белек берилет.

Сынакка Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Бишкекте жашаган, окуган же иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар катыша алат. Катышуу жеке же беш адамга чейинки топ менен жүргүзүлөт.

Видеолор кыргыз, орус же англис тилдеринде, MP4 же MOV форматында, Full HD жана андан жогорку сапатта кабыл алынат. Фотокаталогдор PDF форматында даярдалышы керек.

Конкурстук иштерди арыз менен бирге [email protected] электрондук дарегине же Telegram аркылуу @mi1ianna аккаунтуна жөнөтүүгө болот. Билдирүүнүн темасында «Бишкекти дүйнөгө тааныт» сынагына» деген белги көрсөтүлүшү керек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар