Башкы беткеМинистрлер кабинетиОшто коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга чара көрүлдү

Ошто коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга чара көрүлдү

Ош шаарындагы Мамыров көчөсү, 54 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда аныкталган мыйзам бузуулар жоюлду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө турак жай үчүн казылган котлован курулуш объектисинин тосмосунан чыгып кеткени аныкталган. Бул жагдай үчүнчү жактарга кооптуу абал жаратышы мүмкүн болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Найман Ийгилик» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш талаптарын так сактоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча талап коюлган.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда бардык кемчиликтер толук жоюлуп, курулуш аймагындагы тосмо талаптарга ылайык бекемделди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар