Башкы беткеМинистрлер кабинетиСууну үнөмдөөчү технологиялар үчүн дыйкандарга 2% менен насыя берилет

Сууну үнөмдөөчү технологиялар үчүн дыйкандарга 2% менен насыя берилет

Айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири жайылтуу максатында жеңилдетилген насыя берүү долбоору ишке ашырылууда.

Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Мамлекеттик финансылык холдингдин колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында дыйкан-фермерлерге тамчылатып сугаруу жана башка заманбап сугат технологияларын киргизүү үчүн жылдык 2 пайыздык үстөк менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Бул багытты каржылоого 200 млн сом каралган. Насыя 7 жылга чейин берилип, бир жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.

Насыяны белгиленген талаптарга жооп берген дыйкан-фермерлер, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар ала алышат.

Учурда насыя алууга арыздарды кабыл алуу уланууда. Толук маалыматты жашаган аймактагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.

Айыл чарбасында заманбап сугат ыкмаларын киргизүү сууну үнөмдүү пайдаланууга жана сугат иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана заманбап сугат технологияларын киргизүү министрликтин иш багыттарынын бири болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар