Башкы беткеКоомОй толгоо: Азыркы тарыхый процесстерде менин ичимди тызылдаткан нерсе бар

Ой толгоо: Азыркы тарыхый процесстерде менин ичимди тызылдаткан нерсе бар

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагындагы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу менен жакындан таанышып келдим. Чынында, ал жерден көргөндөрүм адамды кайдыгер калтырбайт.

Дал ушул учурда өлкөбүздүн тарыхын өзгөртө турган ири долбоор ишке ашып жатыптыр. Кылымдар бою ордунан жылбаган тоолор тешилип, узундугу 12 чакырымдан ашкан тоннелдер казылууда. Бийиктиги 122 метрге жеткен көпүрөлөр курулуп жатат.

Бул жерде адамдын акылы, билими жана технологиясы табияттын эбегейсиз күчү менен таймашып жатканын көрөсүң. Тоо, суу, шамал, ысык менен суук — баары менен эсептешүүгө туура келет. Масштабын көрүп, мындай иштердин артында канчалык чоң эмгек турганын түшүнөсүң.

Улуу Жибек жолу кайрадан жанданып, Кыргызстан дүйнөлүк соода жана транспорттук каттамдардын маанилүү бөлүгүнө айланууга кадам таштап жатат.

Бирок ушул тарыхый процесстин ичинде мени ичтен тызылдатып, жүрөк ооруткан бир нерсе бар. Ал — мындай масштабдагы иштерде кыргыз адистеринин, инженерлеринин, куруучуларынын, жолчуларынын аздыгы.

Айрыкча, татаал участоктордо кыргыз адистерин дээрлик көрбөйсүң. Албетте, Кытайдан жана Өзбекстандан тажрыйбалуу инженерлер, адистер келип иштеп жатышат. Алардын билиминен, тажрыйбасынан үйрөнүшүбүз керек. Бул — биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Бирок ошол эле учурда өзүбүзгө суроо беришибиз зарыл: эмне үчүн өлкөбүздө ушундай ири долбоорлорду өз алдынча ишке ашыра турган адистер жетишсиз?

Бул — жөн гана кесиптик кадр маселеси эмес. Бул биздин келечегибизге байланышкан маселе. Биз үчүн ойлонуучу, намыска тийчү маселе.

Анткени бүгүн Кыргызстанда курулуп жаткан жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер жөн гана инфраструктура эмес. Алар өлкөнүн келечегин аныктай турган стратегиялык объектилер, биздин келечегибиз!

Бүгүн биз чет өлкөлүк адистердин тажрыйбасын көрүп, алардын технологиясын үйрөнүп жатсак, эртең ошол билимди колдонуп, өзүбүздүн инженерлерибиз, куруучуларыбыз жана жол адистерибиз ушундай долбоорлорду долбоорлоп, куруп, башкара турган деңгээлге жетишибиз керек.

Бул үчүн азыртан билимге, кесиптик даярдыкка жана жаш адистерге басым жасоо зарыл.

Менимче, бүгүн бизге азыраак сүйлөп, көбүрөөк ойлонуп, азыраак тойлоп, көбүрөөк иштөө керек.

Анткени бүгүн курулуп жаткан темир жол Кыргызстанды дүйнө менен байланыштырат. Ал эми ушул жерде топтолгон билим жана тажрыйба Кыргызстанды өзүбүздүн колубуз менен курууга жол ачышы керек.

Тарых кайра жазылып жатат. Биз бул тарыхтын жөн гана күбөсү болуп калбашыбыз керек. Анын жаратуучусу да болушубуз зарыл. Эң негизгиси ошол тарыхта биздин өзүбүздүн колубуздун издери болушу керек

Эң негизгиси — келечек муун бул тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана жолдорду көргөндө, алардын курулушунда кыргыз адистеринин да эмгеги, билими жана колунун изи бар экенин сыймыктануу менен айта тургандай болсун.

журналист, режиссер-документалист Руслан Машрапов

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар