Бишкекте 18-сентябрда “Бишкек Аренада” америкалык белгилүү ырчылар Akon жана Ne-Yo концерт беришет. Бул тууралуу “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө Vi Project компаниясынын өкүлү Марат Ниязов билдирди.
Анын айтымында, концертке билеттер 29-августтан тарта сатыкка чыгат. Мындан тышкары, 18-сентябрдагы концертте Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн чет элдик дагы бир белгилүү артисттин катышуусу күтүлүүдө.
«19-сентябрда Астанада Akon жана Ne-Yoнун катышуусунда концерт өтөт. Биз иш-чараны уюштурган өнөктөштөрүбүз менен байланышып, алар Астанадагы концертинен бир күн мурда Бишкекте да өнөр көрсөтүшү боюнча макулдаштык», — деди Ниязов.
Ne-Yo жана Akon — 2000-жылдардагы дүйнөлүк R&B жана поп-музыканын белгилүү өкүлдөрү. Алардын чыгармалары ошол доордун музыкалык багытын калыптандырып, дүйнөлүк хит-параддардын сап башында турган.
Үч жолку «Грэмми» сыйлыгынын лауреаты Ne-Yo So Sick, Closer, Miss Independent жана Mad сыяктуу хиттери менен таанылган. Ал ошондой эле Бейонсенин Irreplaceable жана Рианнанын Take a Bow чыгармаларын жазууга катышкан.
Ал эми ырчы жана продюсер Akon Lonely, Smack That жана Right Now (Na Na Na) ырлары менен дүйнөгө кеңири таанылган. Ошондой эле ал өзүнүн лейблине кол коюп, кийин дүйнөгө белгилүү болгон Леди Гаганын чыгармачылык жолуна алгачкы кадам таштоосуна мүмкүнчүлүк берген.



