Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.
Мектептин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 479 чарчы метр. Жаңы мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон музыкалык жабдуулар менен камсыздалды.
Долбоор Таш-Көмүр шаарындагы таланттуу жаштарды колдоого, алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана заманбап билим алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.





