Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨКМ: "Бишкек Аренада" коопсуздук чаралары күчөтүлдү

ӨКМ: “Бишкек Аренада” коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өтө турган “Бишкек Аренада” коопсуздукту камсыздоого даярдыкты күчөттү.

Учурда стадиондун аймагында ӨКМдин эки күжүрмөн эсеби нөөмөттө турат. Алар өрт кырсыктарынын жана башка техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерине тартылууда.

Алдыдагы ири иш-чараларды коопсуз өткөрүү үчүн мамлекеттик органдар жана күч түзүмдөрү менен биргеликте стратегиялык объектилерде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ӨКМ жарандарды жана иш-чаранын конокторун коопсуздук талаптарын сактоого чакырды. Атап айтканда, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо, электр жабдууларына этият мамиле кылуу, жардыргыч заттарды, аэрозолдорду жана газ баллондорун алып кирбөө сунушталат.

Кырсык болгон учурда дүрбөлөңгө түшпөй, тиешелүү кызматтарга же 112 бирдиктүү кызматына кабарлоо керек.

Белгилей кетсек, ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ӨКМден жалпы 607 кызматкер жана 36 техника тартылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар