Башкы беткеМинистрлер кабинетиКырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдүү госпиталы ишке кирди

Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдүү госпиталы ишке кирди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы уюштурулду.

ӨКМдин маалыматына караганда, Апааттык медицина кызматынын мобилдүү госпиталы 21 атайын унаа жана 31 чатырдан турат. Комплексте хирургиялык операция жасоочу бөлүм, УЗИ жана рентген диагностикасы, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана бар.

Госпиталь бир суткада 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин хирургиялык операция жасоого жана 90 бейтапты стационардык негизде дарылоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, 8 орундуу интенсивдик терапия бөлүмү иштейт.

Учурда Кырчын жайлоосунда ӨКМдин Апааттык медицина кызматынан 20 адис жана Саламаттык сактоо министрлигинен 60 дарыгер медициналык жардам көрсөтүүдө.

Мобилдүү госпиталдын курамындагы атайын унаада сууну чыпкалоочу жана абаны тазалоочу жабдуулар, ошондой эле жуунуучу жай каралган.

Мындан тышкары, медициналык жана куткаруу иштерине ыкчам жетүү үчүн Кырчын жайлоосунда ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлат.

Министрликтин маалыматына ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүү максатында куткаруу бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Аймактарда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унаалар, ошондой эле катерлер нөөмөткө коюлган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар