Бүгүн, 28-августа «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол» аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат.
Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, каржы түзүмдөрүнүн, өнүктүрүү институттарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда. Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Мындан тышкары, санариптештирүү жана «жашыл» технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Иш-чаранын алкагында кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин ортосунда B2B жолугушуулар өтүп, анда жаңы долбоорлор жана биргелешкен демилгелер талкууланат.
Форумдун жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюу пландалууда.



