Башкы беткеКоомБишкектин борборунда электрондук самокаттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкектин борборунда электрондук самокаттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкектин борборунда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул чара ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу кабыл алынган.

Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын өтүнүчү менен самокаттардын кыймылы чектелди.

Тактап айтканда, Манас проспектиси менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн ортосундагы, Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аймакта электр самокаттарын ижарага алуу мүмкүн болбойт. Бул тилкеде жеткиликтүү жеке мобилдик каражаттары тиркемеде да көрсөтүлбөйт.

Чектөө эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде күчүндө болот.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Оюндун ачылыш аземи 31-августта Бишкектеги “Бишкек Аренада” өткөрүлөт. Ал эми Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда өтөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар