Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолукту

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Алар Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жолугушууда Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынынын маанисине көңүл бурулду.

Кулубаев алдыда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити уюмдун мындан аркы өнүгүүсү, мамлекеттер аралык өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү этап болорун белгиледи.

Министр улуттук координаторлорго жигердүү иш алып барганы жана саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, саммитте кабыл алынуучу документтерди макулдашуу жана уюмдун келечектеги иш багыттарын аныктоо боюнча негизги иштер Улуттук координаторлор кеңешинин деңгээлинде жүргүзүлөт.

Өз кезегинде Россия президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиёр Хакимов Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган мезгилдеги ишин жогору баалап, саммитти даярдоодо Улуттук координаторлор кеңешинин маанилүү ролун белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанды эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтө турган саммити ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар