2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр дүйнөсү» аттуу маданий иш-чаранын салтанаттуу ачылышы өтөт.
Иш-чара Кырчын жайлоосундагы «Кут-Ордо» аймагында уюштурулат. Анын негизги бөлүгү көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын жана дүйнө таанымын чагылдырган «Дүйнө-Өмүр» аттуу масштабдуу театралдаштырылган иш-чара болмокчу.
Ачылыш аземинде кыргыз элинин бай маданий мурасы гана эмес, көчмөн элдерди кылымдар бою бириктирип келген жаратылышка болгон урмат-сый, биримдик, үй-бүлө, эркиндик, өз ара жардамдашуу жана тынчтык сыяктуу баалуулуктар да даңазаланат.
«Дүйнө-Өмүр» спектакли жети бөлүктөн турат: «Башат», «Көч», «Төрт түлүк», «Той», «Согуш», «Көчтүн кетиши. Кызды узатуу» жана «Дүйнө-Өмүр».
Ар бир бөлүктө көчмөн дүйнөнүн жаралышы, көчүп-конуу турмушу, адамдын жерге жана жаныбарлар дүйнөсүнө болгон мамилеси, улуттук каада-салттар, үй-бүлөлүк жөрөлгөлөр, оюн-зооктор жана майрамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле согуштун кесепеттери жана тынчтыктын баалуулугу өзүнчө тема катары чагылдырылат.
Масштабдуу коюуга артисттер, музыканттар, бийчилер, салбуурун өнөрпоздору, каскадёрлор жана ат чабыш өнөрүнүн өкүлдөрү катышат. Музыка, хореография, театр жана ат үстүндөгү өнөр айкалышып, көрүүчүлөргө көчмөндөр дүйнөсүнүн тарыхын тартуулайт.
Аземдин өзгөчө символдорунун бири «Биримдик кербени» болмокчу. Ага Кыргызстандын аймактарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк коноктор катышат. Кербен салтанаттуу түрдө «Кут-Ордо» аймагына кирип келет.
Кербенди баштаган аксакал салттуу көөкөр менен ыйык сууну алып келип, атайын даярдалган нукка куят. Ошол учурда тоонун чокусунан «Башат» аянтына суу шаркыратма болуп агып түшөт. Суу маданий иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү үзгүлтүксүз агып, жашоонун булагын, биримдикти жана муундардын уландысын символдоштурат.
«Көчмөндөр дүйнөсү» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги маданий иш-чараларынын бири болуп, Кыргызстанды бай тарыхый мурасы, уникалдуу маданияты жана терең руханий салттары бар өлкө катары дүйнөгө таанытууну максат кылат.



