Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Назарали Турдалиевич Арипов Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Назарали Арипов эми Кыргызстандын Тажикстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектейт.
Назарали Арипов 1970-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылында төрөлгөн. Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун жеке ишкерликтен баштап, бир катар жеке ишканаларды жетектеген. 2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп, «Республика» саясий партиясынан шайланган. 2016-жылы БШКнын мүчөсү болгон.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.



