Башкы беткеМинистрлер кабинетиИран президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келди

Иран президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келди

Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Ал бүгүн, 31-августта, «Манас» эл аралык аэропортуна учуп келди.

Иран президентини аэропорттон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Масуд Пезешкиан Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн келди.

Ага Кыргызстан тарабынан өлкөнүн улуттук символдорунун бири жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит Бишкек шаарында өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар