Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф бүгүн, 31-августта, Кыргызстанга расмий сапары менен келди.
Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Шахбаз Шариф Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышат.
Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Пакистандын премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Быйыл Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит өтөт.


