Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Нарендра Моди менен жолугушту

Садыр Жапаров Нарендра Моди менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 31-августта Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, фармацевтика жана IT тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Нарендра Модини Индиянын Эгемендүүлүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз-индия мамилелери достук, өз ара урмат-сый жана ишенимге негизделгенин белгиледи.

Нарендра Моди Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-индия кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишеним артышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар