Башкы беткеПрезидентВладимир Путинди "Манас" аэропортунда боорсок, бал жана тумар менен тосуп алышты

Владимир Путинди “Манас” аэропортунда боорсок, бал жана тумар менен тосуп алышты

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына келди. Анын учагы бүгүн, 31-августта, “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Россия лидерин “Манас” аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто Владимир Путинди ардак кароолдун коштоосунда улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Конокко кыргыз элинин меймандостугун символдоштурган салттуу боорсок жана бал тартууланды.

Мындан тышкары, Россия президентине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары белекке берилди.

Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Бишкекте өтүп жаткан эл аралык иш-чараларга туш келди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар