Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Анын учагы бүгүн, 31-августта, “Манас” эл аралык аэропортуна конду.
Казакстандын лидерин аэропорттон Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышат.
Тосуп алуу аземинде Казакстандын президентине Кыргызстандын улуттук символдорунун бири жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган саммит быйыл Бишкекте өтөт.



