Башкы беткеМаданиятVII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт

VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт

VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Россиянын Татарстан Республикасында өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, Россия тараптан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келген.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, Кыргызстан оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген. Алгачкы үч оюн 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө өтсө, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар