Башкы беткеПрезидентШКУ саммитине кимдер келет? 

ШКУ саммитине кимдер келет? 

Борбор калаада өтүп жаткан Шанхай кызматтештык уюмунун (ШКУ) саммитине дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин лидерлери, өкмөт башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат.
ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери: Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Беларусь президенти Александр Лукашенко.

 Өкмөт башчылары: Индиянын атынан премьер-министр Нарендра Моди, Пакистандан премьер-министр Шахбаз Шариф.

“ШКУ +” форматындагы коноктор: Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун президенти Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Египеттин вице-премьер-министри Хусейн Иса.
Эл аралык уюмдардын жетекчилери:
Жыйналышка ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш, ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышары күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар