Башкы беткеПрезидентШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкектеги саммитке катышуу үчүн "Ырыс Ордо" борборуна келишти

ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкектеги саммитке катышуу үчүн “Ырыс Ордо” борборуна келишти

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлери Уюмдун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкектеги «Ырыс Ордо» Конгресс-борборуна келишти.

Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин катышууда.

Мамлекет башчыларын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Расмий тосуп алуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин делегация башчылары саммиттин жыйыны өтө турган залга өтүштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар