Башкы беткеПрезидентШКУга төрагалык Пакистанга өттү

ШКУга төрагалык Пакистанга өттү

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык расмий түрдө Пакистанга өттү. Бул чечим Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгы менен бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына кол коюлду.

Ошондой эле коопсуздук, баңгизатка каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздук, биотүрдүүлүктү сактоо, логистика, жасалма интеллект жана энергетика багыттарында кызматташууну күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды.

Пакистан 2026–2027-жылдар аралыгында ШКУга төрагалык кылат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар