Кыргызстан менен Пакистан эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф президент Садыр Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, азыр эки өлкөнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууга басым жасоо зарыл.
Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Пакистандын мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн ыңгайлуу учур экенин белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Пакистанга жасаган сапары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болгонун айтты.
«Ал жакта көптөгөн демилгелерди сунуштап, бир катар маселелерди талкуулаганбыз. Анын ичинде студенттерибиздин медицина жана фармацевтика тармагында билим алуусу, ошондой эле өндүрүштүн ар кандай багыттарындагы кызматташтык тууралуу сөз болгон. Эми ошол талкууларды практикалык иштерге айландырып, жетишилген келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашырууга убакыт келди. Биз эки тараптуу соода жүгүртүүнү 200 миллион долларга жеткирүүгө убада бердик», — деди Пакистандын премьер-министри.
Мындан тышкары, Пакистан Кыргызстан менен транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
«Пакистан Кыргызстанга жолдорду жана портторду ачуу боюнча өз сунуштарын берди. Бул багытта биргелешип иштеп, тиешелүү демилгелерди ишке ашырышыбыз керек. Бул Кытай жана Өзбекстан аркылуу жаңы маршруттарды ачууга мүмкүнчүлүк берет. Биз буга чейин биринчи жүктү жөнөтүп, аны Пакистанга ийгиликтүү жеткирдик. Эми бул багыттагы иштерди улантып, тиешелүү маселелерди чечүү зарыл», — деп белгиледи Мухаммад Шахбаз Шариф.



