Кыргызстан менен Пакистан жакынкы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүүнү макулдашышты. Бул тууралуу чечим президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин жолугушуусунда кабыл алынды.
Эки өлкө башчыларынын катышуусунда Тышкы иштер министрлери тиешелүү документке кол коюшту. Макулдашуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, товар жүгүртүүнү арттырууга жана эки тараптуу экономикалык потенциалды толук пайдаланууга багытталган.
Бул келишим Пакистан өкмөт башчысынын Бишкекке болгон расмий сапарынын негизги жыйынтыктарынын бири болуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга жаңы дем берери күтүлүүдө.



