Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 2-сентябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жогорку деңгээлде уюштурууну өзгөчө белгилеп, жогору баалады.
Жолугушууда ЖККУнун учурдагы ишмердүүлүгү, Коопсуздук кеңештер катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшү талкууланды. Сүйлөшүүнүн негизги өзөгүн Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясына даярдык көрүү маселеси түздү.
Мындан сырткары, тараптар региондук коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип чара көрүү боюнча эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар тегерегинде пикир алмашышты.



