Башкы беткеМаданиятНиколь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин айтты

Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин айтты

Америкалык ырчы жана актриса Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин билдирди. Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде башкы жылдыз катары өнөрүн тартуулаган.

Ырчы Кыргызстандагы сапарынан алган таасирлери менен Instagram баракчасында бөлүшүп, жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан, сен укмуштуудай болдуң. Мени ушундай сүйүү, энергия жана кумарлануу менен кабыл алганыңар үчүн рахмат. Көрсөткөн жылуулугуңарга жана меймандостугуңарга, ошондой эле көптөгөн сонун адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан ыраазымын. Мен сөзсүз кайра келем!» — деп жазган Шерзингер.

Ырчынын билдирүүсү социалдык тармакта кеңири талкууланып, алгачкы сааттарда он миңдеген лайк жана 10 миңге жакын комментарий топтогон. Кыргызстандын тургундары Шерзингерге жаркын шоу үчүн ыраазычылык билдирип, аны өлкөгө кайрадан келип кетүүгө чакырышкан.

Эске салсак, Николь Шерзингер 31-августта Бишкектеги «Бишкек Аренада» өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде концерттик программа менен чыгып, көрүүчүлөргө белгилүү чыгармаларын тартуулаган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар