Башкы беткеПрезидентПрезиденттин атынан 5000 сом берилет деген жалган маалымат тарады

Президенттин атынан 5000 сом берилет деген жалган маалымат тарады

Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарына Президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сомдон акчалай жардам берилери тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

Маалыматта мындай төлөмдөр мамлекет башчысынын атынан жарыяланбаганы белгиленет. Ошондой эле билдирүүгө тиркелген шилтеме расмий мамлекеттик ресурска тиешелүү эмес.

Тиешелүү органдар жалган маалымат таратып жаткан ресурска байланыштуу иштерди жүргүзүүдө.

Жарандарга социалдык тармактардагы күмөндүү билдирүүлөргө ишенбөө жана белгисиз шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөө эскертилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар