Кыргызстанда V Элдик курултай 18-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо жана иш-чараны уюштуруу атайын түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан координацияланат.
Эске салсак, IV Элдик курултай былтыр 25–26-декабрда өтүп, ага 690 делегат катышкан. Алардын 150гө жакыны жарыш сөзгө чыгып, аймактардагы көйгөйлөрдү көтөрүп, бир катар сунуштарын билдиришкен.
Элдик курултай өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган жыйын болуп саналат. Анын негизги максаты — эл бийлигинин негиздерин чыңдоо, жарандык коомду консолидациялоо, аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү.



