Ынтымак Ордодо калкты жана экономика субъекттерин күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өттү.
Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында уюштурулду.
Отурумда өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы абал талкууланып, ага Энергетика министрлигинин, «АБанк» ААКтын жетекчилеринин орун басарлары жана мунай продуктуларын жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга бир катар тапшырмалар берилди.




