Башкы беткеКоомБаткенде чек ара коопсуздугу боюнча операция өттү

Баткенде чек ара коопсуздугу боюнча операция өттү

Баткен облусунда “Солидарность-2026-Кыргызстан” биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабы өткөрүлдү. Анын алкагында чек ара коопсуздугун камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүн тиешелүү аймактарга бөлүштүрүү иш-чарасы уюштурулду.

Аймактагы өкүлчүлүктүн маалыматына караганда иш-чара 7-сентябрда Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында өтүп, ага күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучуларга операция учурунда пайдаланылуучу атайын унаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана чек араны кайтарууда колдонулуучу башка техникалык каражаттар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев менен Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Каныбек Рыскулов операцияны уюшкандыкта өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Андан соң операцияга тартылган күчтөр белгиленген кызмат өтөө аймактарына жөнөтүлдү. Бөлүштүрүү маалында коопсуздук талаптары так сакталды.

“Солидарность-2026-Кыргызстан” операциясынын негизги максаты — мамлекеттик чек аранын коопсуздугун бекемдөө, күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ишин күчөтүү жана чек ара аймактарындагы кырдаалга ыкчам чара көрүү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар