Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо фонду түзүлөт. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Документ климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Жарлыкка ылайык, фонд эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден, климаттык фонддордон, каржы институттарынан, донорлордон жана башка өнөктөштөрдөн каражат тартат. Топтолгон каражат мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоого, Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө жана мониторинг системаларын өнүктүрүүгө багытталат.
Министрлер кабинетине 1-октябрга чейин фонддун уюштуруу-укуктук формасын, каржылоо булактарын жана башкаруу механизмин аныктоо тапшырылды. Ошондой эле долбоорлорду тандоо тартибин, отчеттуулук, ачык-айкындуулук жана аудит талаптарын иштеп чыгуу милдети коюлду.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көлөмү болжол менен 16 пайызга азайганын билдирген. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши тоолуу аймактарда көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун да күчөтүүдө. 2024-жылы Тоң районундагы Зындан көлү жырылып кеткен. Ал эми 2025-жылы Такыр-Төр көлү эки жолу жырылып, миңге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришинен пайда болгон 2 миңге жакын майда көл бар. Алардын ичинен 600гө жакыны жырылуу коркунучу бар көлдөрдүн катарына кирет.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, климаттын жылышы мөңгүлөрдүн тез эришине жана бийик тоолуу аймактарда сел жана көлдөрдүн жырылуу коркунучунун күчөшүнө алып келүүдө. Жаңы фонддун түзүлүшү мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо боюнча узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоого шарт түзүүгө багытталган.
Президенттин жарлыгы расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин, 18-сентябрдан тартып күчүнө кирет.



