Бүгүн, 8-сентябрда, Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияда 15 жаштагы окуучулардын билимин баалаган PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Аралыктан Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган мекеме өкүлдөрү да катышты.
Изилдөөнүн негизги көрсөткүчтөрү:
Изилдөөгө 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышкан. Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды.
Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Мурдагы жылдарда акыркы орунду ээлеп келген өлкө бул ирет 11 позицияга жогорулады.
Табигый-илимий сабаттуулук боюнча — 363 балл, математикалык сабаттуулук боюнча — 364 балл, окуу сабаттуулугу боюнча — 344 балл курады.
PISA изилдөөсү үч жылда бир жолу өткөрүлүп, окуучулардын алган билимин реалдуу турмушта канчалык колдоно аларын жана функционалдык сабаттуулугун баалайт. Тапшырмалардын 2-деңгээли билимди өз алдынча колдонуунун базалык чеги болуп саналат.




