“Бишкекгаз” газ кызматы төмөнкү басымдагы газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу 9-сентябрдан 11-сентябрга чейин айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын билдирди.
Газ берүү Васильев, Ганди, Можайский, Манас жана Саадаев көчөлөрү, ошондой эле Витебский, Белоозерский жана Бреславский көчөлөрүндөгү үйлөргө чектелет.
Маалыматка ылайык, иштер Бишкек мэриясынын демилгеси менен борбордогу жолдорду реконструкциялоого байланыштуу жүргүзүлүүдө.
“Бишкекгаз” абоненттерден келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.
Белгиленген иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.



