8-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, соттордун жетекчилери, судьялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Медербек Сатыев жаңы имараттын курулушу сот тутумун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, имаратта судьялар жана сот кызматкерлери үчүн заманбап иш шарттары түзүлүп, жарандар үчүн да ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттар каралат.
Ал сот адилеттигинин сапаты инфраструктура менен гана эмес, судьялардын кесипкөйлүгү, калыстыгы жана мыйзамдуулук принциптерин сактоосу менен аныкталарын белгиледи. Өз кезегинде Нурбек Сатаров жаңы сот имаратынын курулушу аймакта сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун айтты.
Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берген шарттарды түзүп, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундарына сапаттуу сот кызматтарын көрсөтүүгө багытталат.




