Ноокен районунда селден жабыркаган 41 үй-бүлөгө 9 миллион сомдон ашык кенемте төлөндү.
Кенемте алган жарандардын бири — Досов Уланбекке 500 миң сом өлчөмүндөгү төлөмдү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдралиев жана Төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азат Сатыбалдиев тапшырды.
Маалыматка ылайык, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында айыл жергесинде камсыздандыруу төлөмү жылына 600 сомду түзөт. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда үй ээлерине 500 миң сомго чейин кенемте төлөнөт.
Адистер жаратылыш кырсыктарынан келтирилген чыгымдардын тобокелдигин азайтуу үчүн турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилешет.



