Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулуна 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, июль айында 191 миң 796 арыз түшсө, кийинки мезгилде кайрылуулардын саны дээрлик 52 миңге, башкача айтканда 26,6 пайызга көбөйгөн.
Арыздардын басымдуу бөлүгү — 83 пайызы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу, ал эми 17 пайызы аймактык бөлүмдөр аркылуу берилүүдө. “Бала ырысы” жөлөкпулунун өлчөмү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдарга төлөм райондук коэффициенттер эске алынуу менен эсептелет.
Учурда түшкөн арыздарды иштеп чыгуу, маалыматтарды жаңылоо жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул төлөмдөрдү туура эсептеп, өз убагында чегерүү үчүн зарыл.
Маалыматтарды иштеп чыгуу аяктагандан кийин жөлөкпулдар 10–11-сентябрга чейин белгиленген тартипте төлөнөт.



