Ош шаарында жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында бир катар автобус жана кичи автобус каттамдарынын багыттары өзгөртүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр жүргүнчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен киргизилүүдө. Мындан тышкары, шаарда жаңы №1 жана №2 муниципалдык айланма автобус каттамдарын ишке киргизүү пландалууда.
Ошондой эле №10 жана №24 муниципалдык автобустардын, №101, 102, 107, 108, 120, 131, 133, 135, 141, 146, 150 жана 151 кичи автобустук каттамдардын багыттарына өзгөртүү киргизилет.
Айрым каттамдардын акыркы аялдамалары да өзгөрөт. Мисалы, №10 автобустун акыркы аялдамасы №177 көчөдөн А. Орозбеков көчөсүндөгү мечиттин алдына жылдырылат.
№109 кичи автобусунун багыты Ош көчөсүндөгү реконструкция иштери аяктагандан кийин кайра каралат. Учурда каттамдын жаңы багытынын долбоору даярдалууда.
Мэриянын маалыматына караганда, жол куруу жана реконструкциялоо иштери толук аяктаганга чейин айрым жаңы багыттар ишке киргизилбейт. Ага чейин коомдук транспорт учурдагы каттамдары боюнча жүрөт.
Ал эми жаңы №1 жана №2 муниципалдык айланма автобустар Ош шаарына жаңы автобустар келгенден кийин каттамга чыгарылат.



