Башкы беткеПрезидентДүйнө Кыргызстанды жаңы түстө көрө баштады - Садыр Жапаров

Дүйнө Кыргызстанды жаңы түстө көрө баштады – Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына жана кыргызстандыктарга кайрылуу жасап жатып, дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады деп билдирди.
“Акыркы күндөрү өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө орун алган бир катар ири эл аралык иш-чаралар болду.
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын 25 жылдык юбилейлик Саммити жана «ШКУ+» жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү.
Ошол эле күндөрү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри урматтуу Мухаммад Шахбаз Шарифтин расмий сапарлары ийгиликтүү ишке ашырылды.
Муну менен катар VI-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Кыргызстан дүйнөлүк саясий, маданий жана спорттук коомчулуктун көңүл борборунда болду.
Булар – Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, дүйнөлүк жана регионалдык процесстердеги орду бекемделип жаткандыгынын ачык көрсөткүчү.
2025-2026-жылдардагы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы көп тараптуу дипломатиябыз үчүн маанилүү этап болду.
Биз төрагалык кылган мезгилде коопсуздук, туруктуу өнүгүү, транспорт, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштар боюнча маанилүү иштерди алдыга жылдырдык.
Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним артууда. Демек, Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл мындан ары дагы күчөйт.
Бул – биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.
Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктерибиздин бири – өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду”, – деди Президент.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар