Биздин алдыбызда мындан да чоң максаттар турат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары Мамлекетибиз өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты.
“Экономикабыз өсүп, ондогон ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жолдор, мектептер, социалдык объектилер курулуп жатат.
Өндүрүштү, энергетиканы, айыл чарбасын, транспортту жана логистиканы өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган системалуу иштер тынымсыз жүрүүдө. Биздин алдыбызда мындан да чоң максаттар турат.
Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, заманбап инфратүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу – ар бирибиздин ыйык жана жалпы милдетибиз.
Бул максатка бийликтин бир гана бутагынын аракети менен жетүү мүмкүн эмес!
Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылаарын дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин!
Ошондуктан парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө зарыл.
Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгы болушу табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн.
Бирок кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы турушу керек!
Элибиз бизден курулай убадаларды эмес – натыйжаны, талаш-тартыш эмес – туура чечимди, бири-бирибизди күнөөлөп жер каратууну эмес – жоопкерчиликтүү ишти күтөт”, – деди Садыр Жапаров.



