Бүгүн, 9-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүчү төрт компаниянын жетекчилери менен жолукту.
Жолугушууда балык тоюттарын Кыргызстанда өндүрүүнү кеңейтүү, ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыз кылуу жана тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, 10-сентябрдан тартып балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат. Бул чара ата мекендик өндүрүштү колдоого, аквакультураны өнүктүрүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.
Учурда Кыргызстанда балык тоюттарын өндүргөн төрт завод иштеп, жылына 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөдө жылына болжол менен 20 миң тонна балык өндүрүлүп, анын басымдуу бөлүгү Россияга экспорттолот.




