Башкы беткеПрезидентКырчындагы этношаарчанын аймагына көп жылдык газон себилет

Кырчындагы этношаарчанын аймагына көп жылдык газон себилет

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган этношаарчанын аймагы жашылдандырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, боз үйлөр жана убактылуу инфраструктура демонтаждалгандан кийин атайын даярдалган тегиз аянттарга жергиликтүү климатка ылайыкташкан көп жылдык газон чөбү себилет.

“Бул иштер этношаарчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча алдын ала белгиленген иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Иштер Маданият министрлиги тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аткарылат. Ошондой эле «Шамал» фестивалынын катышуучулары да аймакты жашылдандырууга салым кошот.

Министрлик этношаарчанын аймагын мындан ары да талаптагыдай кармоо жана жашылдандыруу иштери улантыларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар